Skip to main content

Биздин кыска тарых

2025-жыл

 

КАИЭЖАнын алгачкы уюштуруу жыйыны 2025-жылдын 19-мартында өткөрүлүп, каттоо күбөлүгү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен 2025-жылдын 27-мартында алынган.

Ассоциация аналитик-журналист, Кыргыз Республикасынын Президентинин медиа жана журналистика жаатындагы «Мейкин» сыйлыгынын 2024-жылкы лауреаты Улан Эшматовдун жеке демилгеси менен негизделген. Ал ошондой эле 2025-жылдан тарта кыргыз тилиндеги алгачкы илимий-элдик (популярдуу) «Эл Илим» санарип журналынын негиздөөчүсү жана башкы редактору.

«Кыргыз айыл чарба, илим жана экология журналисттеринин ассоциациясы» коомдук бирикмесинин алгачкы жана негиздөөчү жети мүчөсүнүн курамына ассоциацияны түзүүнүн демилгечиси Улан Эшматовдон тышкары тажрыйбалуу журналисттер Таалайгүл Чабдарова, Эмилбек Момунов, Майраш Базлакунова, Шайырбек Мукарамов, Заирбек Бактыбаев жана Гулжан Каражанова кирген.

Коомдук бирикменин президенти болуп Улан Эшматов, ревизору болуп журналист Мырзакат Тыналиев шайланды.

КАИЭЖА жаңы башталган тарыхы жыл өткөн сайын жаңы учурлар менен толукталып, катары ассоциациянын баалуулуктарын жана максаттарын бөлүшкөн жаңы журналисттер менен кеңейе берет деп ишенет.

2025-жылдын 31-декабрына карата ассоциациянын курамы 10 анык мүчөдөн жана 4 кызматташ мүчөдөн турду.

КАИЭЖА өз тарыхын жергиликтүү жана эл аралык өнөктөштөр менен ырааттуу жана туруктуу кызматташтык аркылуу курууга да кызыкдар.

КАИЭЖА 2025-жылдын 15-октябрында Кениянын борбору Найроби шаарында өткөн конгрессте Айыл чарба журналисттеринин эл аралык федерациясынын (IFAJ) мүчөлүгүнө кабыл алынган. Бул уюмга КАИЭЖА Борбор Азия аймагынан кирген алгачкы ассоциация болду.

Журналисттердин бул эл аралык бирикмесинин 2025-жылдагы дүйнөлүк конгрессине КАИЭЖАнын атынан ассоциациянын башкармалык төрагасы-президенти Улан Эшматов жана кызматташ мүчөсү Нүргүл Малабаева катышты. Улан Эшматов конгрессте КАИЭЖАнын атынан баяндама жасады.

КАИЭЖАны түзүүнүн демилгечиси Улан Эшматов  Айыл чарба журналисттеринин эл аралык федерациясынын (IFAJ) 2024-жылы Швейцарияда, 2023-жылы Канадада, 2022-жылы Данияда өткөн дүйнөлүк конгресстерине эркин журналист катары катышкан.

Улан Эшматов 2024-жылы Токой изилдөөчү уюмдардын эл аралык биримдиги – IUFROнун Стокгольм шаарында өткөн 26-дүйнөлүк конгрессине Борбор Азия аймагынан аккредитация алган жалгыз журналист болгон.

2025-жылы КАИЭЖАнын башкармалык төрагасы-президенти Улан Эшматов жана башкы катчысы Заирбек Бактыбаев Илим журналисттеринин дүйнөлүк федерациясы (WSJF) жана Илим журналисттеринин ассоциацияларынын Европа биримдиги (EUSJA) уюмдары менен да алгачкы кесиптик байланыштарды орнотушкан.

КАИЭЖА тууралуу маалыматтык макалалар 2025-жылы IFAJ жана EUSJA уюмдарынын интернет баракчаларында жарыяланган.