КАИЭЖА Бразилияда өткөн пресс-турга катышты
Кыргыз айыл чарба, илим жана экология журналисттеринин ассоциациясы- КАИЭЖАнын президенти жана башкармалыктын төрагасы Улан Эшматов Айыл чарба журналисттеринин эл аралык федерациясынын (IFAJ) Аткаруу комитетинин орто мөөнөттүү жыйынына, ошондой эле Бразилиянын Сан-Паулу штатында уюштурулган эл аралык пресс-турга катышты.
Пресс-турдун алкагында катышуучулар агроөнөр жай ишканаларына, айыл чарба багытындагы илимий мекемелерге жана агротехнологиялык объекттерге барышып, Бразилиянын өнүккөн айыл чарба тармагы менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.
IFAJнын Аткаруу комитетинин жыйыны жана эл аралык пресс-тур Бразилиянын айыл чарба журналисттеринин ассоциациясы – RedeAgrojor тарабынан уюштурулду.
Сан-Паулу, Бразилия. 15-20-март, 2026-жыл.
Сүрөттөр RedeAgrojor тарабынан тартылган.



















