Skip to main content

КАИЭЖА  катарына жаңы мүчөлөрдү кабыл алды 

“Кыргыз айыл чарба, илим жана экология журналисттеринин  ассоциациясы” коомдук бирикмесинин Башкармалыгынын 2025-жылдын 29-апрелдеги жыйынында ассоциациянын катарына жаңы мүчөлөрдү кабыл  алуу  жана Айыл чарба журналисттеринин Эл аралык федерациясынын мүчөлүгүнө (IFAJ) өтүү үчүн  расмий арыз берүү маселеси каралды.

КАИЭЖАнын  Уставында  ассоциацияга мүчөлүктүн бир нече  категориялары жана мүчөлүккө өтүүнүн тартиби  көргөзүлгөн.

КАИЭЖАнын Башкармалыгы күн тартибиндеги маселелер боюнча Башкармалык төрагасы Улан Эшматовдун маалыматын  уккан  соң ассоциациябыздын  анык мүчөлүгүнө (действительный член) добуш берүү аркылуу төмөнкү кесиптештерибизди  кабыл  алды:

  1. Асанбек  Каракозуев – Асанбек Пазыл, журналист, “Ош жаңырыгы” гезитинин башкы редактору;
  2. Анархан Алтымышова,  журналист,Proclimate.kg порталынын кош негиздөөчүсү;
  3. Батма Искандарова, журналист, Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын коммуникация жана корпоративдик  байланыштар боюнча адиси.

Ал  эми  КАИЭЖАнын кызматташ мүчөлүгүнө (ассоциированный член)  төмөнкү мекендештерибиз кабыл  алынышты:

  1. Манас  Саматов, агроишкер, агроблогер жана илимпоз, “Бай багбан” ассоциациясынын төрагасы;
  2. Нүргүл Малабаева, агроишкер, “Ак куу” ачык акционердик коомунун директору, Кыргызстандын канаттуу багуучулар  ассоциациясынын төрайымы;
  3. Нургазы Мусаев, агроблогер, агроишкер  жана  журналист;
  4. Мээрим Абдылбекова, “Бай дыйкан”  компаниясынын кызматкери.

КАИЭЖАнын Башкармалыгы ассоциациябыздын жаңы мүчөлөрүн куттуктоо менен  бирге, алардын  ишине  ийгиликтерди каалайт.

КАИЭЖАнын  миссиясын  жана  Уставын  колдогон  журналист  кесиптештерибиз  үчүн ассоциациябыздын  эшиги  ачык.

Ассоцияциябызга  агроишкерлер, агроблогерлер, агро жана экоактивисттер, илимпоздор  да кошула  алат.

КАИЭЖАнын Башкармалыгы жыйындын күн тартибиндеги экинчи маселе -журналистиканын  ассоциациябыздын  Уставында каралган тармактык багыттары боюнча эл  аралык  байланыш орнотуунунун  алгачкы  кадамы  катары  Айыл чарба журналисттеринин Эл аралык федерациясынын (IFAJ) мүчөлүгүнө өтүү үчүн 2025-жылдын 1-июлуна  чейин  расмий  арыз берүүнү  Башкармалык төрагасы Улан Эшматовго тапшырды.

Ассоциациябыз  жергиликтүү жана эл  аралык өнөктөштөр менен ишин ыраттуу жүргүзүүгө, өз мүчөлөрүнүн ишмердигин, өлкөбүздүн агроөнөр жай жана илим тармагын  колдоого умтулмакчы.