Индустриалдыктан регенеративдик айыл чарбага өтүү аракети

Кант камышын өстүрүүчүлөрдүн Coplacana кооперативинин тажрыйба аянтчасы (Бразилия, Сан-Паулу штаты).
Дүйнөдө глобалдык жылуулуктун таасирин басаңдатуу үчүн аткаруу талап кылынган милдеттердин бири – айыл чарбасын индурстриалдыктан регенеративдик багытка көчүрүү.
2050-жылга карата ишке ашуусу керек деп эсептелген бул айыл чарба багытынын глобалдык мааниси биринчи кезекте тармактын негизги оюнчуларынан, жери көп ири өлкөлөрдөн көз каранды.
Дүйнөнүн эң ири айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн бири – Бразилияга 2026-жылдын март айындагы сапарыбызда тармакты регенеративдик ыкмага өткөрүүнүн айрым мисалдарына күбө болдук.
Регенеративдик айыл чарба – топурактын саламаттыгын жакшыртуу, экосистеманын туруктуулугун арттыруу, таза жана пайдалуу азык өндүрүү, ошондой эле биокөптүрдүүлүктү калыбына келтирүү жана сактоо аркылуу жерди башкаруунун комплекстүү ыкмасы.
Туруктуу айыл чарба демилгеси платформасы (Sustainable Agriculture Initiative Platform – SAIPlatform) деген жана 190дон ашык ири компаниялар менен уюмдар кирген глобалдык кызматташтык тармагы “регенеративдик айыл чарба – натыйжага негизделген дыйканчылык ыкмасы, ал топурактын саламаттыгын, биологиялык ар түрдүүлүктү, климатты, суу ресурстарын коргоп жана жакшыртып, ошол эле учурда дыйкан чарбаларынын бизнес катары өнүгүшүн колдойт” деген аныктаманы иштеп чыккан.
Регенеративдик айыл чарбанын багыты жана мааниси
SAI платформасына мүчө жана глобалдык ири агротехнология компанияларынын бири – Syngenta Group регенеративдик айыл чарбанын практикалык беш негизги принцибин аныктаган.
Алар: топурактын бузулушун минималдаштыруу, жерди айдабай же аз айдоо ыкмаларын колдонуу; топурактын эрозиясын алдын алуу үчүн кыртышты жыл бою өсүмдүк менен каптоо, жерди жабуучу өсүмдүктөрдү өстүрүү; өсүмдүктөрдү диверсификациялоодо убакыт жана мейкиндик жагынан туруктуулукту сактоо, которуштуруп себүү, биокөптүрдүүлүк тилкелерин жана агротокойчулукту колдонуу; химиялык каражаттарды кыскартуу, так дыйканчылыкты (precision agriculture) колдонуу жана кыртышты биологиялык каражаттар менен толуктоо; мүмкүн болгон учурда мал чарбачылыгын дыйканчылыкка интеграциялоо, мал чарбачылыгы топурактын саламаттыгын жакшыртуу үчүн пайдалуу экенин эске алуу жана малды башкарылуучу жайыттарда багуу.

Бразилиянын Сан -Паулу штатындагы жайыт аянттарынын бири.
Syngenta Group регенеративдик айыл чарба жана органикалык айыл чарба да жер иштетүүнү туруктуу жол менен жүргүзүү боюнча орток максатты көздөгөнү менен алар бири-биринен айырмалана турганын эске салат.
Мисалы, органикалык айыл чарбада дыйканчылык катаал талаптар, так эрежелерге ылайык жүргүзүлүп, өсүмдүктөрдү өстүрүүдө химиялык каражаттарды жана генетикалык жактан модификацияланган үрөндү, урукту колдонууга жол берилбеши керек.
Ал эми регенеративдик айыл чарбасы өсүмдүктү комплекстүү ыкмада өстүрүүнү карайт жана органикалык дыйканчылыктан айырмаланып, анда химиялык каражаттарды, анын ичинде өсүмдүктү коргоочу продуктыларды пайдаланууга болот.
Дүйнөдө булганыч же парник газдардын (негизинен көмүр кычкыл газы- CO₂) бөлүнүү көлөмүнүн үчтөн бир үлүшү глобалдык азык-түлүк системасына тиешелүү, ал эми 22% айыл чарбадан, токой чарбадан жана башка жер пайдалануудан чыгат деп эсептелген.
Регенеративдик айыл чарбанын глобалдык жылуулукту басаңдатуу кубатына келгенде, Syngenta Group компаниясы айыл чарба практикасын өзгөртүүлөр, дүйнө жүзүндө жыл сайын дээрлик бир миллиард тонна көмүртек диоксидди топуракта топтоп калууга мүмкүнчүлүк берет, масштабдуу регенеративдик айыл чарба практикалары кийинки 25 жылда адам ишмердигинен улам жаралган бардык көмүртектин 10% топуракка сиңире алат деп болжолдойт.
Индустриалдык айыл чарба дүйнөнүн 8 миллиардга чейинки калкын бага алды, бирок айдоо аянттары, жайыттар деградацияланды.
Эми аба-ырайыда экстремалдык өзгөрүүлөр күчөп, суу тартыштыгы сезилип, жаңы зыянкечтер чыгып жаткан шартта регенеративдик айыл чарба 2050-жылы саны 10 миллиардга жакындай турган дүйнө калкын азыктандыра алабы деген суроолор да жок эмес.
БУУнун айыл чарба жана азык-түлүк уюму – FAOнун статистикасына ылайык, планетада 13 миллиард гектар жер бар, алардын ичинен болгону 36%, же 4,8 миллиард гектары, айыл чарба үчүн ылайыктуу деп эсептелет.
Бул 4,8 миллиард гектар айдоо жеринин 1,6 миллиард гектары гана айыл чарба продукциясын өстүрүүгө колдонулса, калган 3,2 миллиард гектары чөптүү жайыттар жана мал чарбачылыгы үчүн.
Калган 8,2 миллиард гектар жердин 4,1 миллиард гектарын, же 31%, токойлор ээлейт, дагы 4,1 миллиард гектары – чөлдөр, мөңгүлүү тоолор жана адам жашоосу үчүн ылайыкталбаган аймактар. Андан тышкары, жалпы жердин 3%, же 427 миллион гектары, ички сууларга, дарыяларга жана көлдөргө туура келет.
2050-жылга карата дүйнөнүн айыл чарба аянтынын көлөмү жаңы жерлерди өздөштүрүүнүн эсебинен 5,2 миллиард гектарга чейин чыгышы мүмкүн.
Roland Berger глобалдык консалтинг компаниясынын эсебинде, регенеративдик айыл чарбасы “өнүгүүнүн али алгачкы баскычында турат” жана 2025-жылга карата дүйнөнүн айыл чарба жеринин болгону 1,5% бөлүгүндө гана колдонулду.
Бразилиянын регенеративдик айыл чарба мисалы
2025-жылы негизделген Кыргыз айыл чарба, илим жана экология журналисттеринин ассоциациясы – КАИЭЖАнын атынан Бразилияга жергиликтүү Rede Agrojor ассоциациясынын чакыруусу жана уюштуруусу менен быйыл март айында, аларда жай мезгили бүтүп жаткан кезде бардык.
Эки ассоциацияны Айыл чарба журналисттеринин эл аралык федерациясы-IFAJ кызматташтырууда. КАИЭЖА IFAJга Борбор Азия аймагынан алгачкы ассоциация катары былтыр мүчө болгон.
Чоң жыйырманын бири (G20), дүйнөнүн төртүнчү ири айыл чарба өндүрүүчүсү, жалпы ИДПсы 2,2 триллион, айыл чарба ИДПсы 590 миллиард, айыл чарба экспорту 170 миллиард келген Бразилиянын агроөндүрүшү, агроилими жана агротехнологиясы менен Сан-Паулу штатынын мисалында тааныштык. Өлкөнүн 213 миллион калкынын 44 миллиону ушул штатта турат.
Жалпысынан 350 миллион гектардан ашуун айыл чарба жери бар Бразилияда да бери дегенде 100 миллион гектар жер, көбүнсе жайыт аянттары деградацияланган деп эсептелет.
Айыл чарба аянтынын 48%га жакынын кеминде 1000 гектар же андан көп жерге ээлик кылган ири фермердик чарбалар менен компаниялар иштетет.
Ал эми 52%га жакыны 10 гектар же андан аз өлчөмдө жер иштеткен фермерлерге таандык.
Айыл чарба жана мал чарба министрлигинин эсебинде, жалпысынан өлкөнүн 213 миллион калкынын 28 миллионунун турмуш-тиричилиги ушул тармак менен байланышкан.
Бразилиянын айыл чарба өндүрүшүндөгү абал буудайдын, канттын, соя буурчагынын, уй жана канаттуу этинин, кофенин эл аралык бааларынын өзгөрүшүнө таасир берип турат.
Жер шарты, анын ичинде айыл чарбасы тропикалык мүнөзгө ээ болгондуктан өлкөдө фермерлерди жер пайдаланууда регенеравтивдик айыл чарбанын бир принцибин – биологиялык корридор катары агротокойду же жергиликтүү өсүмдүк тилкелерин сактоого милдеттендирген эрежелер өткөн кылымдын орто ченинен тарта эле бар экен.
Атап айтканда, Бразилиянын экологиялык мыйзамдарына ылайык, айыл чарба жер ээлери аянтынын бир бөлүгүн табигый өсүмдүктөр үчүн резерв катары сакташы керек.

Макаланын автору Улан Эшматов Сан-Паулу штатында табигый резерв катары сакталган жер тилкелеринин биринде.
Сан – Паулу штатында бул үлүш 20%ды түзсө, кээ бир штаттарда 35%, ал эми глобоалдык климатты муздатууда маанилүү роль ойногон Амазон токойлоруна жакын аймактарда жердин мындай үлүшү 50% – 80%га чейин жетет.
Өзү Бразилияда дээрлик 498 миллион гектар токой бар же токой өлкө аймагынын 58% каптап турат.
Айыл чарба аянттарынын кеминде 20% иштетпей резерв катары сактоодогу максат – топуракты жана сууну, анын ичинде дарыяларды, булактарды жана жер астындагы сууларды, биокөптүрдүүлүктү коргоо.
Жергиликтүү адистердин айтымында, бул ыкма узак мөөнөттүү айыл чарба өндүрүмдүүлүгүнө түздөн-түз пайда алып келет. Табигый өсүмдүктөрдү сактоо жердин бузулушун алдын алып, келечек муундар үчүн да айыл чарбанын туруктуу болушун камсыздайт.
Германиянын Bayer агрохимия жана биотехнология компаниясынын регенеративдик айыл чарба тажрыйбаларын өркүндөтүү жана жайылтуу боюнча Bayer ForwardFarming Network түйүнүнө Бразилиядан кирген, Сан–Паулу штатынын Пирассунунга шаарчасына жакын жайгашкан Fazenda Estаncia фермердик чарбасына барганыбызда анын жетекчиси Алин Вик (Aline Vick) айым климаттагы өзгөрүүлөргө карабай, регенеративдик айыл чарба ыкмаларына көчкөндөн кийинки үч жылда түшүмдүүлүктү 25%га көбөйтө алганын белгиледи.
Жалпы 1100 гектар жери бар, анын 200 гектарын табигый резерв иретинде сактаган чарбада соя буурчагы, кант камышы, жүгөрү өстүрүлөт.

Fazenda Estаncia фермердик чарбасынын жетекчиси Алин Вик (Aline Vick) соя буурчагы эгилген талаасында регенеративдик айыл чарба тажрыйбаларын түшүндүрүүдө.
Фотониканы жана өзөктүк магниттик резонансты (NMR) колдонуу
Регенеративдик айыл чарбанын дагы бир принцибин -так дыйканчылык практикаларын (precision agriculture) колдонуу үстүндө Бразилиянын Embrapa – айыл чарба илим-изилдөө корпорациясы, Илим, технология жана инновация министрлигинин Фотондук лабораториялар боюнча улуттук системасына кирген LANAF – улуттук агро-фотоника лабораториясы иштеп жатыптыр.
Биз аталган корпорациянын Сан-Паулу штатынын Сан-Карлос муниципалитетинде жайгашкан “Embrapa Instrumentation” бөлүмүндөгү лабораториялар тутуму менен тааныштык.
Фотоника илими айыл чарбада топурактын азыктык курамын аныктоо, өсүмдүктөрдүн абалына мониторинг жасоо, (стресс, оорулар, жетишсиздиктер), үрөн менен азык-түлүктүн сапатын көзөмөлдөө жана туруктуулук боюнча изилдөөлөр үчүн колдонулат.

LANAF-агро-фотоника лабораториясынын өсүмдүктүн абалына мониторинг жүргүзүү бөлүмү.
Бразилиялык изилдөөчүлөр билдиришкендей, агро-фотоника лабораториясынын максаты – айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана айлана-чөйрө үчүн жарыкка негизделген технологияларды мисалы, сенсорлорду, лазерлерди жана сүрөттөө ыкмаларын пайдаланып, айыл чарбанын натыйжалуулугун жана түшүмдүүлүгүн жакшыртуу.
Ал эми Өзөктүк магниттик резонанс (NMR) лабораториясы – айыл чарбада үлгүлөрдү бузбай туруп, өсүмдүк, топурак жана азык-түлүк компоненттерин молекулалык деңгээлде анализдөөгө мүмкүндүк берет.
Лабораториянын өзөктүк магниттик резонанс спектрометри жабдуулары топурактын органикалык заттарын мүнөздөө, көмүртектин топтолушун (секвестрациясын) жана азык элементтеринин айлануусун изилдөө, топурактын бузулушун жана түшүмдүүлүгүн түшүнүү, өсүмдүктөрдүн метаболиттерин (канттар, аминокислоталар) талдоо, өсүмдүктөрдүн кургакчылыкка, туздуулукка жана зыянкечтерге болгон реакциясын изилдөө, биохимиялык белгилерди аныктоо аркылуу эгин селекциясын колдоо, дан жана үрөндөрдөгү майдын, белоктун жана нымдуулуктун көлөмүн өлчөө, пестициддер менен жер семирткичтердин түзүлүшүн жана жүрүм-турумун изилдөө үчүн пайдаланылат.

LANAF-агро-фотоника лабораториясынын лазерге негизделген спектроскопия жабдуулары.
Жергиликтүү баяндамаларда Embrapa корпорациясы негизделген 1973- жылдан бери Бразилия өз экологиялык шарттарына ылайык келген айыл чарба изилдөөлөрүнө инвестиция салуу аркылуу тармактын өндүрүмдүүлүгүн эки эседен ашуунга же 110%га жогорулата алды деп айтылат.
Учурда жалпысынан Бразилия боюнча боюнча бул мамлекеттик корпорациянын эле 43 бөлүмүндө 600дөй лаборатория айыл чарба өндүрүшүнүн ар кыл багыттарын камтыган илимий изилдөөлөрдү жүргүзөт экен.
Улан Эшматов, КАИЭЖАнын президенти
Эскертүү:
- Макаладагы сүрөттөр Бразилиянын айыл чарба журналисттеринин Rede Agrojor ассоциациясы тарабынан тартылган.
- Макала 2026-жылдын май айында жарыяланган.
