КАИЭЖАнын өкүлдөрү IFAJнын дүйнөлүк конгрессинде
Кыргыз айыл чарба, илим жана экология журналисттеринин ассоциациясынын башкармалык төрагасы-президенти Улан Эшматов жана кызматташ мүчөсү Нүргүл Малабаева Айыл чарба журналисттеринин эл аралык федерациясынын дүйнөлүк конгрессине катышкан учур.
Бул конгрессте КАИЭЖА IFAJнын мүчөлүгүнө кабыл алынды.
Найроби, Кения. 15-18-октябрь, 2025-жыл.
Кыргыз айыл чарба, илим жана экология журналисттеринин ассоциациясы – КАИЭЖА Башкармалыгынын жыйыны
Жыйында ассоциацияга жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу жана Айыл чарба журналисттеринин Эл аралык федерациясынын (IFAJ) мүчөлүгүнө расмий арыз берүү маселеси каралды. Бишкек, 29-апрель, 2025-жыл.




КАИЭЖА «Дордой – Балыкчы» комбинатынын иши менен таанышты
26-апрелде Кыргыз айыл чарба, илим жана экология журналисттеринин ассоциациясы – КАИЭЖАнын Башкармалык төрагасы-президенти Улан Эшматовду италиялык Rovani компаниясынын заманбап жабдуулары орнотулган бул эт кобминаттын жумушу жана цехтери менен өндүрүш цехтин башчысы Азамат Шаршенбек уулу тааныштырды.
Балыкчы, 26-апрель, 2025.







КАИЭЖА өкүлдөрү “Ак куу” канаттуулар фабрикасына барды
Кыргыз айыл чарба, илим жана экология журналисттеринин ассоциациясы – КАИЭЖАнын башкармалык төрагасы- президенти Улан Эшматов, башкармалык мүчөлөрү Эмилбек Момунов жана Заирбек Бактыбаев “Ак куу” ачык акционердик коомунда бул ишкананын башкы директору, Кыргызстандын канаттуу багуучулар ассоциациясынын төрайымы Нүргүл Малабаева жана аталган ишкананын жумушчулары менен жолугуп, бул өндүрүш тармагындагы учурдагы кырдаал боюнча пикир алмашып, маалымат алышты. Сокулук, 21-апрель, 2025-жыл.








Агроөнөржай жана журналистика: Кызматташтык аркылуу айыл чарбаны өнүктүрүү
Кыргыз айыл чарба, илим жана экология журналисттеринин ассоциациясынын башкармалык төрагасы-президенти Улан Эшматов Кыргыз республикасынын Агроөнөржай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Рустам Балтабаев менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулаган учур. 2-апрель, 2025-жыл, Бишкек.
